ВИДЕО: «Кумтөр» кенинде жумушчуларга түзүлгөн шарттар жакшырууда

“Кумтөр” кени Кыргызстанда климаттык шарты өтө катаал жерде жайгашкан. Бул жерде кызматкерлер эки апталык вахта тартиби менен иштешет.
Бул жерде иштеген кызматкерлердин экинчи үйү болуп калган. Ошондуктан кызматкерлер иштен кийин өз үйүндөй эле ыңгайлуу шартта эс алышы керектигин айтат ишкананын жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк.
“Мындай жумушка ар ким эле чыдай бербейт. Бул — эрки күчтүүлөрдүн кесиби. Анткени, алар бийик тоолуу арктикалык шартта иштешет. Эми баары эле үйдө отуруп компьютерде иштебейт да. Кимдир-бирөө металл өндүрүшү керек. Бул оор, бирок эмгек акысы жогору кызмат”,- дейт Тенгиз Бөлтүрүк.
Учурда коопсуздук жогорку денгээлде сакталып, жумушчуларга эң жакшы шарттар түзүлүп жаткан учур.
Кумтөрдө кызматкерлердин ичкен-жегени да жакшырып, иш жана жашоо шартына да өзгөчө көңүл бурулуп калган. Азыркы “Кумтөрдүн” кызматкерлери үчүн атайын диетолог келип, тамак ашка программа түзүп берип жаткан экен.
Учурда бул кенде иштеген кызматкерлер жетекчиликке жана бийликке ыраазы экенин билдиришти.



