50 жаштан ашкан айрым аялдар заарасын кармай албай калуу көйгөйүнө туш болот — дарыгер

50 жаштан ашкан айрым аялдарда заарасын кармай албай калуу көйгөйү башталат. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнүн башчысы, Саламаттык сактоонун отличниги,жогорку категориядагы дарыгер Нурбол Курманбеков билдирди.
«Элет жергесиндеги аялдар оор жумушта иштешет, көп бала төрөшөт, анын баары жамбаш чарасындагы органдарга залакасын тийгизет. Анан 50 жаштан өткөндөн кийин заарасын кармай албай, жөтөлүп же чүчкүрүп койсо заара чыгып кетет. Бул социалдашууга да зыянын тийгизет, эл чогулган жерге бара албай, тартынып калат», — деди дарыгер.
Ал мындай көйгөйгө кабылган аялдар өзү билемдик менен ар кимден уккан дарыларды ичпестен, дароо дарыгерге кайрылып, маселени медициналык жол менен чечүүгө аракет жасашы керектигин белгиледи.



