Коом

Кыргызстандык Екатерина Заболотнова эл аралык “Miss Cosmo-2024” сулуулар конкурсуна катышат

Вьетнамда өтө турган сынакка дүйнөнүн 70 өлкөсүнөн бийкечтер келмекчи. 

Заболотнова конкурска Борбор Азиядан катышып жаткан жалгыз сулуу. Ал баш байге — 100 миң доллар үчүн күч сынашат.

Кыргызстандык бийкеч “Кыргызстан сулуусу — 2019” титулунун ээси, “Аалам периси — 2019” жана “Жер сулуусу — 2021” сынактарына катышкан.

Екатерина Заболотнова соңку үч жылда Түштүк Кореяда жашап, модель болуп иштеп келет. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button