БШКнын курамын кыскартуу боюнча мыйзам долбоору I окууда жактырылды

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын оптималдаштырууга багытталган мыйзам долбоорлорун биринчи окууда жактырды.
Мыйзам долбоорун төрага Марлен Маматалиев баштаган бир топ депутаттар демилгелеген.
Депутат Нурбек Сыдыгалиевдин айтымында, мыйзам долбоорунда Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын 12 мүчөдөн 7 мүчөгө чейин кыскартуу каралган. Ага ылайык, үч мүчө президенттин квотасы менен, ал эми төрт мүчө парламенттин квотасы менен шайланат.
Анын белгилешинче, сунушталган өзгөртүүлөр мамлекеттик аппараттын ишин оптималдаштырууга, ички координацияны жакшыртууга, чечим кабыл алуунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюджеттик чыгымдарды кыскартууга багытталган. Ошондой эле мыйзам долбоорунун экинчи окуусунда БШКнын мүчөлөрүнүн санын 7ден 8ге чейин көбөйтүү сунушу каралып, кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу көздөлүүдө.
Өз кезегинде БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров комиссия мүчөлөрүнүн санын кыскартуу органнын ишине терс таасир тийгизбей турганын билдирди.
Ал эми депутат Дастан Бекешев беш депутаттык топ төрт квотаны кантип бөлүшөрүн сурады. Нурбек Сыдыгалиевдин айтымында, депутаттык топтордун бири талапкер көрсөтүү укугунан баш тартууга туура келет.
Дастан Бекешев ошондой эле БШКнын курамына шайлануучу адамдар үчүн шайлоо мыйзамдарын жакшы билген кесипкөй адистерди тандоонун так критерийлерин иштеп чыгуу зарылдыгын сунуштады.
Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.



