Коом

Кызыл-Кыяда адам уурдап, опузалап талап кылган жаран бир жылдан кийин кармалды

2023-жылдын 24-октябрында Ноокат районунун 27 жаштагы тургуну К.Б. өзүнүн кылмыштуу шериктери менен Кызыл-Кыя шаарындагы көчөлөрүнүн бириндеги автоунаа жуучу жайда алдын ала план түзүшүп, Ош шаарынын 33 жаштагы Т.Дны жасалма акча жасоочулук менен алектенүүсүн аныкташып, аны Кызыл-Кыя шаарына уурдап келип, 20000 АКШ доллар акча каражатын талап кылуу боюнча бүтүм чыгарган. 
Ошол эле түнү жогорудагы кылмыштуу топ Ош шаарына барып, Т.Д.ны үйүнөн чакырып, кара күч колдонуп, ага зомбулук көрсөтүп, автоунаага олтургузуп, Кызыл-Кыя шаарына алып келип, өздөрүн "смотрящий" деп атаган 8 жаран белгисиз ок атуучу курал менен коркутуп, "бизге жасалма 20миң АКШ долларын таап келесин, болбосо автоунааңды бизге өткөрүп бересин" деп ага күч колдонуп, зомбулук көрсөтүп, айдоочулук көбөлүгүн 10650сом акчасын, айдап жүргөн автоунаасын тартып алып койгондугу маалым болгон.
     
Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын   кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин (Адамды уурдоо), 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголуп, жабырлануучу Т.Дга тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган.
     
Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 2023-жылдын октябрь айынын аяктарында кылмыштуу топтун алтоосу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми И.У. кылмыштуу изин жашыруу максатында Тажикстан Республикасынын аймагына качып, эки өлкөнүн милиция кызматкерлеринин сүйлөшүүсүнүн негизинде кылмыштын изи сууй электе И.У.Тажикстандын аймагынан кармалып, кыргыз өлкөсүнө өткөрүлүп берилген.

Бул кылмыштуу топту жетектеген К.Б. кылмыштуу жоопкерчиликтен качуу максатында Кыргызстандын аймагынан тез аранын ичинде чыгып кеткендигине байланыштуу, Кызыл-Кыя шаардык сотунун токтомуна ылайык, К.Б.нын бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалган. .
Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында 2024-жылдын 5-октябрь күнү Ош шаарындагы аэропортунан издөөдө жүргөн К.Б. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button