Коом
Баткенде издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды

Баткен облусунун Лейлек районунун 31 жаштагы тургуну, А.А. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 389-беренесинин 4-бөлүмү («Бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүү») боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан издөөдө болгон.
Бул факты боюнча Баткен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, ыкчам иликтөө аракеттеринин негизинде А.А.нын Бишкек шаарында жүргөн жери такталып, милиция кызматкерлери тарабынан ал кармалган.
Кармалган жаран өздүгүн тастыктаган документтери менен Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасына мыйзам чегинде өткөрүлүп берилди.
Азыркы учурда бул иш боюнча тиешелүү тергөө амалдары улантылууда.



