Коом

БУУ Кыргызстандын Чек ара чатактарын тынч жол менен чечүү боюнча резолюциясын кабыл алды

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Кыргызстандын Чек ара чатактарын тынч жол менен чечүү боюнча резолюциясын кабыл алды.

Бишкек документти Душанбе жана Ташкент менен бирге берген.

«Резолюциянын максаты — аймактагы өлкөлөрдүн тарыхый жетишкендигин дүйнөлүк коомчулук менен бөлүшүү. Тактап айтканда, БУУнун уставына жана эл аралык укукка ылайык, талаштуу маселелерди тынч жол менен чечсе болорун көрсөтүү», — деп ТИМ билдирген.

Резолюцияда Борбор Азиянын жетишкендиктери эл аралык коомчулук үчүн үлгү болуп, коңшу мамлекеттердин ортосундагы алаканын модели катары кызмат кылары айтылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button