Борбор калаадагы жеке мектепте шаурмага ууланган балдардын саны 75ге жетти

Бишкектеги менчик мектептерде шаурмага уулангандардын саны 75 балага жетти. Бул тууралуу Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.
Анын айтымында, уулангандардын 68и — балдар, калганы — чоң кишилер.
«Беш бейтап ооруканадан чыкты, дагы сегиз адам дарыланып жатат, абалдары туруктуу. Алар анализдеринин жыйынтыгы менен чыгарылышы мүмкүн», — деди Аалиев.
Эске сала кетсек, 31-октябрда Бишкектеги жеке мектептердин бириндеги окуучулар шаурмага жапырт ууланышкан. Бейтаптар Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасына 22:30дан тартып кайрыла башташкан. Кийинчерээк Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик департамент мектепти текшерип, натыйжада протокол түзүлүп, жалпы 36 миң сом айып чегерилген. Шаурма мектептин 3-класстан 11-класска чейинки окуучуларына берилгени маалым болду.



