Коом
Баткендин облус жетекчилиги 90 жаштагы энеге үй салып берет

Ташбүбү апанын туруктуу жашаган жери жок болгондуктан, 53 жаштагы майыптыгы бар кызы менен кароосуз калган эски үйлөрдө күн кечирип келген.
Облустагы президенттин өкүлү алардан кабар алып, аймактагы ишкана жетекчилери менен бирге 3 бөлмөлүү үй курууну колго алышкан. Ал үчүн эне-балага Алты-Адыр айылынан 10 сотых жер бөлүндү. Курулуш иштери 31-августта аяктап, үйгө эмеректер коюлуп, Ташбүбү апа кызы менен көчүрүлүп келери айтылды.



