Коом
Жумгалдагы алыскы айылдан мектепке каттаган окуучуларга унаа алып беришти

Нарын облусундагы өкүлчүлүктүн маалыматында, Кең-Суу айылында мектептин жоктугунан окуучулар 15 км алыстыктагы коңшу айылга барып окушкан. Балдарды ташыган эски автоунаа тар жана муздак болгондуктан бир топ ыңгайсыздык жаратчу. Ошондой эле Миң-Куш айылынын балдары дагы 3-4 чакырым жөө барып келип окушчу.
Маселени чечүү үчүн Жумгал районунун өнүктүрүү фондунан 4,5 миллион сом бөлүнүп, эки кичи автобус алынган.
Унааларды тапшыруу аземинде облус жетекчиси Алтынбек Эргешов Кең-Сууда салынып жаткан мектептин курулушун тездетүүнү тапшырды.



