Коом

Ататүрк паркы аттракциондорсуз эс алуу мейкиндигине айланат

Борбор калаада Ататүрк атындагы паркты көрктөндүрүү иштери уланууда. Мэрдин орун басары Азамат Кадыров ЖМК өкүлдөрү менен биргеликте аймакты кыдырып чыгып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшү тууралуу айтып берди.

Жаңы концепцияга ылайык, парк аттракциондорсуз тынч эс алуу аймагы катары өнүктүрүлөт. Анда спортко, сейилдөөгө жана экологияга басым жасалат.

Эмне курулат:

-йога аянтчасы;

-шахмат аянтчасы;

-узундугу болжол менен 3 чакырымды түзгөн веложолдор;

-воркаут аянтчалары.

Парктын аймагы кеңейтилди — кошумча 5 гектар жер кайтарылды. Бул жерге афган согушунун ардагерлеринин музейин жана жаңы сейилдөө аймагын куруу пландалууда.

Мэриянын маалыматына ылайык, 14 миң жашыл көчөттүн ичинен 192 куураган дарак аныкталган. Бийлик өкүлдөрү негизги максат жашыл фондду сактоо жана аймакты мүмкүн болушунча көбүрөөк жашылдандыруу экенин белгилешти.

«Бермет» кафеси бекитилген дизайн-кодго ылайык, анын ээлери тарабынан реконструкцияланат.

Коопсуздукту камсыздоо максатында парктын айланасына жана кесилиштерге байкоо камералары орнотулат.

Шаар бийлиги бул долбоорду борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн заманбап коомдук мейкиндик түзүүгө багытталган кадам деп атады.

Тектеш кабарлар

Back to top button