Коом

Социалдык тармакта диний экстремисттик жана террористтик уюмдун материалдарын тараткан жаран аныкталды

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери,  УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте терроризмге жана  экстремизмге каршы күрөшүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында социалдык тармагынын «А» аттуу активдүү колдонуучусу террористтик жана экстремисттик уюмдарга тийиштүү болгон материалдарды таратып жаткандыгы тууралуу маалымат алынган. Маалымат  каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. 

Чогултулган материалдарга тийиштүү экспертиза дайындалып, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “ИШИМ” диний экстремисттик жана террористтик уюмуна таандык экенидиги боюнча  корутунуду чыккан. 

Жогорудагылардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү  Ноокат  районунун 2005-жылы туулган тургуну Ю.А.  экени аныкталып, тергөө кызматына камсыз болгон. Анын жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, диний экстремисттик мазмунду камтыган болушу мүмкүн делген китептер алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды. 

Белгилей кетсек,  буга чейин шектүү Ю.А.нын бир тууган агасы Ю.А.нын үстүнөн да Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин                 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп, кылмыш иши соттун кароосуна жиберилген.  

Учурда кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button