Оморова: Ысык-Көлдүн экологиялык системасы өзгөрүп бара жатат

Ысык-Көлдүн экологиялык системасы өзгөрүп бара жатат, тагыраагы, жээкке жакын сууларда микробдор бактериясы көбөйүп, балырлай баштады. Мындай билдирүүнү социалдык тармакка ушул жаттагы адис Гүлбара Оморова жазды.
Анын айтымында, буга жээкке түшүп жаткан башаламан курулуш, саркынды сууларды тазалап турган жабдуулардын жоктугу, кир суулардын куюлуп жатышы себеп болууда.
«Жээкке жакын суулардын биологиялык активдүүлүгү өтө жогору. Мындай жерде балыр өсүп, химиялык баланс алмашып, суунун курамы бузулат. Мындан улам көлдүн ансыз да назик жаратылышы адамдын тийгизген зыянынан өтө тез жабыркай турган болуп калды. Биз көрүп турган жөн эле балырлоо эмес, жээктин өзгөрүп жаткандыгынын белгиси. Жээк бойлой башаламан салынып жаткан курулуштарды токтотуп, катуу көзөмөл коюу керек», — деп коңгуроо каккан Оморова.
Эксперт тазалап чыга турган жабдуусуз, көзөмөлсүз аккан ыплас суу көлгө куюп жатканын айтып, ал эми жээк коргоого, көз салып, мониторинг кылып турганга муктаждыгын баса белгиледи.



