Бишкекте синтетикалык баңгизат жеткирүүгө шектелген жубайлар кармалды

Бишкекте Орусиядан синтетикалык баңгизат жеткирген эл аралык каналга тиешеси бар деп шектелген жубайлар кармалды.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын маалыматына караганда, 1995-жылы туулган М.Р.А. жана М.Е.А. аттуу жарандар почта аркылуу аба муздаткыч алышкан. Аппаратты текшерүү учурунда анын ичинен 1 кг 126 грамм Alpha-PVP табылган.
Үйдү тинтүү учурунда баңгизатты таңгактоого арналган деп болжолдонгон зип-пакеттер, электрондук тараза жана скотч да табылган.
ИИМдин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, алынган баңгизаттын кара базардагы баасы 4,9 млн сомдон ашышы мүмкүн. Аны 6,8 миңден ашык бир жолку дозага бөлүүгө болмок.
Операция Кыргызстандын жана Орусиянын бажы жана укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзүлгөн. Учурда тергөө баңгизат жеткирүү каналынын башка мүмкүн болгон катышуучуларын аныктап жатат.



