Коом

1-июлдан тарта пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу нормасы жоюлат

Бирок 5 жыл иштегендерге пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнө баштайт
Кыргызстанда эркектер пенсияга 63 жаштан, аялдар 58 жаштан чыгат. Ошол эле учурда эгер киши пенсия курагына жете электе эле 15 жылдан ашык эмгек стажы бар болсо, ага мөөнөтүнөн мурда, 3 жыл эрте пенсия чегерилчү ( эркектерге 60 жашында, аялдарга 55 жашында). 

Июлдан баштап мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу нормасы токтой турганын Соцфонддун коомчулук менен иштөө башкармалагынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Ошол эле учурда пенсиянын базалык бөлүмүн толук алыш үчүн эми эркектерге 25, аялдарга 20 жылдык эмгек стажы талап кылынбайт. 1-июлдан баштап беш жылдык эмгек стаж менен деле пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнөт. 

«Буга чейин стаж толук болбогон учурда пенсия теңдемелүү эсептелип келген. Эмгек стажына жете электерге базалык бөлүк болгон 3 170 сомдун жарымы гана төлөнчү. Июлдан тарта толук төлөнүп калат. Башкача айтканда, 5 жылдан кем иштебегендерге базалык бөлүмдүн баары берилет», — деген ал. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button