Коом

Бала бакчада чарчап калган наристе боюнча министрликтин жообу

Билим берүү жана илим министрлиги бала бакчада 5 жашар кыздын чарчап калгандыгы тууралуу кабар боюнча маалымат берди.

Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча бул окуя 22-октябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы № 4 “Сокулук Алтын Балалык” бала бакчасында болгон.

Бул факты боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда укук коргоо органдары тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Министрлик окуя тууралуу кабар жетер замат комиссия түзгөн. Комиссия аталган бала бакчага барып, тиешелүү маалыматтарды алган жана райондогу бала бакчаларда балдардын ден соолугун жана өмүрүн сактоо боюнча алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырган.

Бул окуя министрликтин көзөмөлүндө турат жана тергөө иштеринин жыйынтыгы чыккандан кийин кошумча маалымат берилет.

Эске сала кетсек, азыркы учурда ар бир бала бакчада баланын өмүрүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу, зордук-зомбулукту алдын алуу максатында комплекстүү окутуулар, семинарлар өткөрүлүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте видео көзөмөл уюштуруу колго алынууда.

Буга чейин Инстаграмдагы «Блэк лист» баракчасына «бала бакчада 5 жашар кызым чарчап калды» деген эненин суранычы жарыяланган. Анда 2019-жылы туулган Алияаттуу кыз Сокулуктагы «Алтын Балалык» балдар бакчасында 22-октябрда чарчап калганы айтылган. Милиция маалымат таратып, аталган факты Сокулук РИИБге катталганын, иш Чүй ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынганын билдирген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button