Саясат
Нурлан Шаршеналиев энергетика жана өнөр жай министринин орунбасары болуп дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кечээ 7-сентябрдагы буйругу менен Нурлан Шаршеналиев энергетика жана өнөр жай министринин орунбасары болуп дайындады. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Н.Шаршеналиев буга чейин Ноокен районунун акими кызматын аркалап келген. Анын ордуна Таалай Ишенбеков дайындалды.
Эске салсак, Таалай Ишенбеков буга чейин Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп иштеген.



