Канттагы каргашалуу жол кырсыгы: Өрттөнгөн унаада мэрия кызматкерлери болгон

Канттагы адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына мэрия кызматкерлери катышкан. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББси билдирди.
Маалыматка ылайык, унаанын айдоочусу дагы, жүргүнчүлөрү дагы Кант шаарынын муниципалитетинде иштешет.
Кaktus.media басылмасы Кант шаарынын мэри Улан Майлибашевге шилтеме берип жазгандай, унааны башкарып бара жаткан мэриянын жер маселелери жана архитектура бөлүмүнүн адиси мас абалында болгон. Ошондой эле ал кырсыктын курмандыгы мурда муниципалитетте иштеген аял экенин билдирген.
Эске салсак, Чүй облустук ИИББсинин маалыматына ылайык, Кант шаарындагы жол кырсыгынан бир адам каза болуп, дагы үчөө ар кандай жаракаттарды алышкан.
22-майга караган түнү 29 жаштагы Mercedes-Benz S-Class үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, стоматологиялык клиниканын имаратын сүзгөн. Кагылышуудан кийин унаа өрттөнүп кеткен.



