Коом

Баткенге кытай компаниялары күн электр станциясын курушат

Кытайдын Сучжоу шаарында Кыргызстандын Энергетика министрлиги кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө жана тармакка инвестиция тартууга багытталган эл аралык форумда кытайлык компаниялар менен бир катар келишимдерге кол койду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыстан Республикасынын Энергетика министрлиги, States Technology Co., Ltd. жана San Energy Co. компаниялары Баткен районунун Ак-Турпак айылында 250 мегаватт кубаттуулуктагы күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюшту.

Келишимге ылайык, электр станциясынын курулушу 2025-жылы башталып, 2027-жылы ишке киргизилет. Ал 669 гектардан ашык аянтты камтыйт жана ишке киргизилгенден кийин өндүрүлгөн энергияны «Кыргыстандын Улуттук электр тармактары» (NESK) компаниясы сатып алат. Долбоор Ак-Турпак айылдык округунун тургундарын электр энергиясы менен камсыз кылат жана улуттук энергетикалык баланстагы жашыл энергиянын үлүшүн көбөйтөт.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен кытайлык Power Construction Corporation of China (POWERCHINA) компаниясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Анда инвесторлорду жана каржы институттарын тартуу, изилдөөлөрдү жүргүзүү жана кыргызстандык адистерди окутуу боюнча биргелешкен аракеттерди көрүү каралган. Кызматташуунун бир багыты Токтогул суу сактагычында калкып жүрүүчү күн электр станцияларын куруу мүмкүнчүлүгүн изилдөө болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button