Күзгү жалбырактардын арасында сүрөткө түшүүдө аллергиктерге этият болуу сунушталды

Дарыгер Карина Киняшева аллергиясы бар адамдарга сүрөт үчүн жалбырактарды бетине чачып, «жалбырак жаадыруудан» этият болууну сунуштады.
Анын айтымында, жерде жаткан нымдуу жалбырактарда көгөргөн козу карындардын споралары, топурактын булганычтары, жаныбарлардын жана канаттуулардын калдыктары болушу мүмкүн. Жалбырактарды ары-бери чачканда алардын споралары абага тарап, аллергиясы бар адамдарда мурун бүтүшү, чүчкүрүү, жөтөл, көздүн жашы агуу жана кычышуу сыяктуу белгилерди пайда кылышы мүмкүн. Астмасы бар адамдарда дем алуу белгилери күчөшү ыктымал.
Ошондой эле топурактан колго ичеги инфекцияларынын козгогучтары жана мите курттардын жумурткалары түшүшү мүмкүн. Канаттуулардын кыгы менен булганган жалбырактарда орнитозду пайда кылуучу бактериялар болушу мүмкүн.
Дарыгер күзүндө кенелердин да активдүү болорун эскертип, токой-паркта же бийик чөптүү жерде сүрөткө түшкөндөн кийин кийимди, терини жана чачты текшерүүнү сунуштады.
Адис фотосессия үчүн кургак, таза жалбырактарды жолдордон, унаа көп жүргөн жерлерден, жаныбарлар сейилдетилген аймактардан жана канаттуулар көп чогулган жерлерден алыс тандоону сунуштады.
Сүрөткө түшкөндөн кийин колду жакшылап жууп, кийимди текшерүү керек. Эгер фотосессиядан кийин дене табы көтөрүлүп, ичеги-карын белгилери, адаттан тыш исиркек, узакка созулган жөтөл же күчтүү аллергиялык белгилер пайда болсо, дарыгерге кайрылуу зарыл.



