Коом

Жогорку кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев 48 жашында көз жумду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алишер Мамасалиев 48 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Мамасалиев буга чейин онкологиялык оору менен жабыркап жүргөн.

Алишер Мамасалиев 1973-жылы Бишкек шаарында туулган.

1997-1999-жылдары Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) “Замана” студиясында журналист болуп иштеген. 2003-жылы жаштардын “Алико” бейөкмөт уюмун жетектеген.

2006-жылы “Кел-Кел” жаштар кыймылын башкарып, 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

2015-жылы парламенттик шайлоого «Өнүгүү-Прогресс» партиясы менен катышып, бирок ден соолугуна байланыштуу тизмеден чыкканы кабарланган.

Мамасалиев коомдо болуп жаткан саясий-социалдык маселелер тууралуу такай өз оюн билдирип, ар кандай иш-чараларга активдүү катышып жүрчү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button