Коом

Тоноого шектелген Базар-Коргон районунун 40 жаштагы тургуну кармалды

2021-жылдын 28-май күнү Өзгөн РИИБнин кызматкерлери тарабынан тоноого шектелген Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 40 жаштагы тургуну М.У кармалды.Бул кылмышка шектүү жаран төмөндөгү кылмыштарды жасагандыгы үчүн шектүү катары кармалган. 2019-жылдын октябрь айынын орто ченинде Өзгөн шаарында Өзгөн шаарынын тургуну, 2010-жылы туулган жаш өспүрүм Х.Ф.ны алдоо жолу менен кулагында тагылып турган базар баасы 30 000 (отуз мин) сомдук алтын сойкосун эркине каршы чечип кеткен. Натыйжада, Ф.Хга 30 000 (отуз мин) сомдук материалдык чыгым келтирген.
Бул факты боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-бер. 1-бол. каралган кылмыштын белгилери менен Өзгөн РИИБдин КЖБРне сотко чейинки жазык өндүрүш иши катталган.
Тергөөнүн жүрүшүндү шектүү М.У. 2019-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын апрель айына чеийн Өзгөн шаарынын 6 жаштан 13 жашка чейинки мектеп жаш курагында 8 өспүрүм кыздын кулак сөйкөлөрүн эркине каршы, алдоо жолдору менен чечип алып жүргөн. Натыйжада баары болуп 93 миң 200 сом материалдык зыян келтирген.
Жогорудагы сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө, аталган кылмыштарды шектүү М.У. тарабынан жасалгандыгы аныкталгандыктан, сотко чейинки өндүрүш иштеринин тергөөсүн тез, ар тараптуу жана обьективдүү жүргүзүү максатында бир өндүрүшкө бириктирилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.Ош ОИИБдин басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button