Окуялар

Чаткалдын Терек-Сай айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

11-июнь күнү Чаткал районунда жүргөн селге байланыштуу Терек-Сай айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, тиешелүү чечимди райондук администрация кабыл алган.

«Бул аймакта 11-июнда жүргөн селдин кесепетинен машина өтүүчү алты жана жөө кишилер өткөн төрт көпүрөнү суу каптаган. Мындан тышкары, алты турак үйдүн короо-жайларын суу каптап, бир малкана жана бир тамдын дубалы ураган», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, учурда айыл кыштактарды, көчөлөрдү, зыянга учураган короо-жайларды тазалоо иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button