Коом

Жумуш ордунда зомбулукка же ыдык көрсөтүүгө туш болгондо кайда кайрылуу керек? Ишеним номери ишке кирди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек чөйрөсүндө зомбулук жана ыдык көрсөтүүлөрдүн алдын алуу механизмдерин киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди.

Министрликтин маалыматы боюнча, долбоор 31-июлга чейин уланат. Долбоорду ишке ашыруу мезгилинде жумуш орундарындагы зомбулук жана ыдык көрсөтүү учурларын алдын алуу, аныктоо жана кароо тартибин аныктаган убактылуу нускама бекитилди.

Пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча анын натыйжалуулугу бааланып, тиешелүү механизмдерди улуттук деңгээлде мындан ары жайылтуу боюнча сунуштар даярдалат.

Эгерде сиз жумуш ордунда зомбулукка же ыдык көрсөтүүгө туш болсоңуз, Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматына төмөнкү телефон номери аркылуу кайрылыңыз: 0312 39 16 35.

Тектеш кабарлар

Back to top button