Коом

Кыргызстанда өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн ири реабилитациялык борбор куруу пландалууда

Кыргызстанда аутизм, Даун синдрому жана балдардын церебралдык шал оорусу (ДЦП) менен жабыркаган балдар үчүн ири реабилитациялык борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу депутаттык «Ала-Тоо» тобунун жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев билдирди.

Анын айтымында, жаңы «Максат» борбору өнүгүү өзгөчөлүгү бар балдарды реабилитациялоонун жана бул тармактагы адистерди даярдоонун улуттук борбору болушу керек.

«Долбоор төрт блоктон турат. Биринчи блок ДЦП менен жабыркаган балдар үчүн арналат. Анда интенсивдүү стационардык реабилитация, гидротерапия жана заманбап диагностика бөлүмдөрүн ачуу пландалууда. Экинчи блокто аутизм жана Даун синдрому бар балдар менен иш жүргүзүлүп, эрте жардам көрсөтүүгө жана социалдашуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө басым жасалат», — деди ал.

Ошондой эле борбордун аймагында ата-энелер үчүн пансионат куруу каралууда. Министрдин орун басарынын белгилешинче, баланы натыйжалуу реабилитациялоо жакындарынын активдүү катышуусусуз мүмкүн эмес.

Долбоордун дагы бир маанилүү багыты — адистерди даярдоо. Бул үчүн Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен биргеликте реабилитология кафедрасын ачуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Бул бүгүнкү күндө өзгөчө өнүгүү муктаждыгы бар балдарга жардам көрсөтүү тармагындагы адистердин тартыштыгын жоюуга көмөк көрсөтөт.

Учурда Кыргызстанда расмий каттоодо аутизм спектринин бузулуусу бар 380 бала, Даун синдрому менен 563 бала жана ДЦП менен ооруган 3 миң 227 бала турат. Бирок Бакытбек Кадыралиевдин айтымында, бул көрсөткүчтөр өлкөдөгү реалдуу абалды толук чагылдырбай калышы мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Back to top button