Коом
Air Arabia авиакомпаниясы Тамчы менен Караколго түз авиакаттамдарды ачууну пландоодо

Air Arabia авиакомпаниясы Кыргызстандын Тамчы жана Каракол шаарларына түз каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын башкармалык төрагасы Манасбек Самидинов менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) делегациясынын сүйлөшүүсүндө талкууланды.
Учурда тараптар алдыдагы каттамдардын алгачкы графигин, анын ичинде учактар качантан баштап жана жумасына канча жолу уча турганын иштеп чыгышууда.
Авиакомпаниянын планына ылайык, каттамдар Шаржа шаарынан төмөнкүдөй тартипте аткарылат:Тамчыга (Ысык-Көл) — жайкы сезондо;Караколго — 2026–2027-жылдардын кышкы сезонунда.
Бул жаңы багыттар Перс булуңундагы өлкөлөрдөн Кыргызстанга келген туристтердин агымын кыйла жогорулатууга шарт түзөт.



