Коом

Унаалардын айнектерин караңгылатууга уруксат алуу арзандатылды

Министрлер Кабинети унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүүчү төлөмдүн баасын убактылуу төмөндөттү. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Жеңилдетилген мөөнөт 2026-жылдын 15-июнунан 15-июлуна чейин күчүндө болот. Бул чечим унаа ээлерине уруксат берүүчү документтерди тариздөөдө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.

Бул аралыкта уруксаттын баасы төмөнкүдөй болот:

-Кыргызстандын резидент-жарандар үчүн — 35 миң сом;

-Юридикалык жактар үчүн — 55 миң сом;

-Чет өлкөлүк жарандар жана резидент эмес адамдар үчүн — 75 миң сом.

Жеңилдетилген мөөнөт аяктагандан кийин, эгер өзүнчө чечим кабыл алынбаса, төлөмдүн өлчөмү мурдагы тарифтерге кайтарылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button