Коом

МАИ кызматкерлери «Айданек» реинтеграция борборундагы балдарды куттукташты

Эл аралык балдарды коргоо күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери балдарды куттуктоо жана белектерди тапшыруу максатында, Бишкек шаарындагы жашы жете элек балдар үчүн “Айданек” реинтеграциялык борборуна барышты.

Белгилей кетүүчү нерсе, КР ИИМдин ЖКККББ баардык башкармалык жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлери билим берүү мекемелеринин балдар үйлөрү, борборлорун көптөн бери көзөмөлгө алып жана балдар менен жолугушуу салтка айланып калган. Бул жолу милиция кызматкерлери борбордун тарбиялануучуларына майрамга арналган, жалпы суммасы 20 миң сомдон ашкан акчага таттуу мөмөлөрдү, таттуу конфет жана печениелерди, суусундуктарды жана башка көптөгөн нерселерди алып келип тапшырышты.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Байыш Ашырбеков балдарды жылуу куттуктап, ден-соолук, ийгилик жана аруу тилектеринин орундалышын каалады, балдар үйүнүн жетекчилигине жана тарбиячыларына ата-эне жылуулугунан ажыраган балдардын көйгөйлөрүнө боорукердик жана сезимтал мамиле жазап, кылган эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди. Борбордун директору жана тарбиялануучулары мекеменин көйгөйлөрүнө ар дайым көңүл буруп, көрсөтүлгөн жардамдар үчүн кызматкерлерге чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди.

Иш сапардын негизги максаты — балдарга майрам, аларга жетишпеген бир аз керемет жана жылуулук сезимин тартуулоо, кызматкерлер тарабынан толук ишке ашты.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарындагы жашы жете элек балдар үчүн «Айданек» реинтеграция борборунда 45тен ашуун бала тарбияланып жатат. Борбор тараптан жаш тарбиялануучулар үчүн — балдар билим алышып, ден соолуктарын чыңдоого бардык шарттар түзүлгөн.

КР ИИМдин ЖКККББы Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button