Коом
Баткендеги Чек айылында тез жардам бөлүмү ишке кирди

Баткен районунун Чек айылында тез жардам бөлүмү пайдаланууга берилди.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, буга чейин үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору катары колдонулган имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, тез жардам кызматы үчүн ылайыкташтырылды.
Жаңы бөлүм 5 миңден ашык тургунга кызмат көрсөтөт. Анда фельдшерлер үчүн иш бөлмөсү, бейтаптар үчүн өзүнчө бөлмө жана дары-дармектерди сактоочу жай каралган.
Ошондой эле бөлүмгө тез жардам унаасы берилди. Жаңы бөлүм жергиликтүү тургундарга медициналык жардамды өз убагында көрсөтүүгө шарт түзөт.



