Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешкен инвестдолбоорлорду талкуулады

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев менен жолукту.
Агенттиктен билдиришкендей, Равшанбек Сабиров Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун инвестициялык демилгелерди колдоодогу жана эки өлкөнүн ортосундагы ишкердик кызматташтыкты чыңдоодогу ролун белгиледи.
«Инвестициялык долбоорлор боюнча тыгыз кызматташуу үчүн Улуттук агенттик менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү. Биз келечектүү долбоорлорду биргелешип издөөгө жана коштоого, аларды каржылоого тартууга көмөктөшүүгө жана ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө кызыкдарбыз. Инвестициялык демилгелер конкреттүү долбоорлорго айланып, экономикалык натыйжа берип, эки өлкөнүн бизнеси үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүшү маанилүү», — деди Равшанбек Сабиров.
Жолугушууда инвестициялык чөйрөдөгү мындан аркы кызматташтык, инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү, инвестициялык демилгелерди коштоо, каржылоону тартуу жана Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара кызыкчылыгындагы долбоорлорду илгерилетүү маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жумушчу байланыштарды улантууга, келечектүү инвестициялык демилгелер боюнча маалымат алмашууга жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар долбоорлорду биргелешип иштеп чыгууга макулдашты.



