Окуялар

Кадамжайда айдоочу унаасын саатына 240 чакырым ылдамдыкта айдап, кырсыкка учурады

Баткендин Кадамжай районунда Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып кырсыкка учурады.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 19-январда саат 11:30да Ош — Баткен — Раззаков жолунун 161-чакырымында Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу саатына 240 чакырым ылдамдыкта айдаган. Айдоочу рулга ээ боло албай кырсыкка учураган.

Кырсыктан айдоочу жеринде мерт кетип, жүргүнчү оор абалда ооруканага жеткирилген.

Ал эми окуя болоор алдында унаанын ичиндеги жүргүнчүнүн уюлдук телефондон  тарткан видеосунда айдоочунун 240 ылдамдыкта айдап бара жатканы жана ким жарыша алат дегени  жазылып калган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button