Коом

1,2 млн. доллар алмак. Садыр Жапаровдун агасынын атын саткандар кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети президент Садыр Жапаровдун бир тууганынын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдө акча алып жаткандарды кармады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, А.М.Б. жана Б.У.М. аттуу адамдар президенттин агасы Сабыр Жапаровдун адамыбыз дешип контейнерлерди экспорттоо маселесин чечүү үчүн M.T.A. аттуу жарандын 1 миллион 250 миң долларын ээлеп алууга аракет кылышкан.

Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.

3-июнь күнү ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында талап кылынган акчанын бир бөлүгүн алгандан кийин А.М.Б. жана Б.У.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.Учурда бул фактыга тиешеси башка адамдарды аныктоого боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы айтылды.

Буга чейин президенттин маалымат кызматы Садыр Жапаровдун атын пайдаланып жеке маселесин чечүүгө аракет кылгандар бар экенин айтып, мындай окуяларга туш болгондорду тиешелүү укук коргоо органдарына кабарлоону өтүнгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button