Коом

Баткенде аскер кызматкери өзүн-өзү атып алган. Териштирүү башталды

2021-жылы 4-июнда Баткен чек ара отрядынын аскер кызматкери 2003-жылы туулган М.Д. ок атуучу курал колдонуп, өзүн-өзү атып, каза болгон. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган аскер кызматкери 2021-жылы жазында аскер кызматына чакырылган.

Аскер бөлүгүндө болгон окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө максатында Аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button