Коом

Бишкекте маршруттук унаа «Жол кире 15 сом» деп жазып алып каттамга чыга баштады

Бишкекте жол кире акысын өз билемдик менен 15 сомго кымбаттаткан маршрут айдоочулары КР мыйзамдарына ылайык жооп берет, деп билдирди мэриядан.

Алардын маалыматы боюнча, жол кире акысы Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылы 26-апрелиндеги «Бишкекте коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү жана жүктү ташууга тарифтер жөнүндө» токтомуа ылайык, мурдагыдай эле – 10 сомду түзөт.

«Урматтуу шаардыктар кичиавтобустардын айдоочуларынын тарифтерди кымбаттатуусуна күбө болсоңуздар, 0554 182 185 ватсап номери аркылуу видеофакт жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз»,-деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button