Коом
Жумгал районунун Арал-Мин-Куш жолуна кыян жүрүп, тазалоо иштери башталды.ФОТО

Кечээ катуу жааган жамгырдан улам кыян жүрүп, Нарын облусундагы Жумгал районунун ЭУ-24 Арал-Мин-Куш жолунун 13+00-28+00 чакырымында жол саат түнкү бирде жабылган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Учурда бардык тиешелүү чаралар кѳрүлүп, эки мехпогрузчиктин жардамы менен жол тазаланып бир тараптуу каттам ачылды. Азыркы убакта жолду кыяндан тазалап, кеңейтүү жумуштары жүрүп жатат.





