Коом
Бишкекте жума намазды мечитте окуганга уруксат берилди
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жума намазды мечиттерде окуганга уруксат берди.
Муфтият санитардык нормалар менен эрежелерди сактоо башкы талап боюнча каларын эскертти. Намаз окучулар 11-июндан тарта мечитке келе берсе болот.
Эпидемиологиялык эрежелерди сактоо талабы республикадагы бардык мечиттерге тиешелүү.
Белгилей кетсек, коронавирус инфекциясынан улам абал начарлап кеткендиктен муфтият 30-апрелден тарта айрым чектөөлөрдү киргизген эле.



