Таласта адам өлтүрүүгө аракет кылууга шектелген жарандар кармалды — ФОТО

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Талас шаарында жарандарга карата зомбулук көрсөтүү фактылары боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Аталган фактылар боюнча жүргүзүлүп жаткан тергөөнүн алкагында тогуз жаран, анын ичинде ички иштер органдарынын бир кызматкери кармалды.
2026-жылдын 20-ноябрында саат 00:00 чамасында Б. Баатыр жана Ш. Шеркулов көчөлөрүнүн кесилишинде А.Ш. аттуу жаранга ар кандай буюмдар менен кол салынып, сабалган. Андан соң шектүүлөрдүн бири аны автоунаасы менен сүзгөн.

Шектүүлөрдүн аракеттери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 37 жана 122-беренелеринде каралган кылмыштын белгилери (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кайра квалификацияланган.

Аталган кылмышка шектелип төмөнкү жарандар кармалды: 1995-жылы туулган Б. уулу А., 1995-жылы туулган М. уулу К., 1994-жылы туулган К. уулу А., 1995-жылы туулган Ж.Ч., 1995-жылы туулган Б.А., 1995-жылы туулган Д. уулу Б. жана 1995-жылы туулган М. уулу Н.

Окуяга тиешеси бар төрт автоунаа айып короого киргизилди.
Мындан тышкары, өзүнчө кылмыш ишинин алкагында 1994-жылы туулган Т.Н. жана 1995-жылы туулган А.Ш. аттуу жарандар кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2026-жылдын 17-ноябрында Талас шаарындагы соода борборлорунун биринин жанында алар С.Н. аттуу жаранды сабап, андан соң шаардын четиндеги ипподромго алып барышып, ал жерде ур-токмокко алууну улантышканы аныкталган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бул тогуз шектүүгө карата соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.
Учурда тергөө амалдары улантылууда. Иштин жүрүшү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө.



