Коом

Февралда Бишкектеги автобустун эң мыкты айдоочусу 98 миң сом, эң начары 22 миң сом айлык алды

Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов биздин радиодо билдирди. 

Ал эки айдоочу тең жүргүнчү көп болгон линияларда иштей турганын белгиледи. 

Айдоочу жакшы айлык алуу үчүн жол эрежелерин сактап, жумуш маалында чылым чекпей, телефондо сүйлөшкөндү токтотушу керек

22 миң сом маяна алганы кыймыл графигин сактабай, ылдамдыкты чектен ашыра айдап, GPSти өчүрүп салган

Жыл башынан бери айдоочулардын эмгек акысы көтөрүлүп, алардын ишин баалоо башталган. Сазыкулов негизги айлык 26 миң сом, калганы коопсуздук менен тартипти сактоого стимул берчү бонус экенин айтты. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button