ДКО — 2026. Командалык эсепте Казакстан 1-орунду ээледи

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казакстан командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, Оюндар жогорку деңгээлде өтүп, чоң спорттук майрам катары жыйынтыкталды.
«Көк бөрү жана жер улакта кыргыз жана казак командалары мыкты оюн көрсөтүп, атаандаштык оюн талаасында гана каларын дагы бир жолу далилдешти. Күйөрмандардын арасында да эч кандай маселе жаралган жок. Бул үчүн спортчуларга жана эки элдин күйөрмандарына өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.
Командалык эсеп боюнча бир гана техникалык айырма медалдарды эсептөөдө жаралган. Бүгүн уюштуруу комитети Казакстандын үч спортчусунун ар биринин медалын өзүнчө эсептөө чечимин кабыл алды. Ошентип, жалпы командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээледи. Казак боордошторубузду жеңиши менен куттуктайбыз!»,-деди ал.
Ал ошондой эле кыргызстандык спортчулар да бул оюндарда өз күчүн, чеберчилигин татыктуу көрсөткөнүн белгиледи.
«Медалдын эсеби спорттун бир бөлүгү, ал эми бул оюндардын эң чоң жеңиши атаандаштыкты сый-урмат менен өткөрүп, боордош элдердин ынтымагын дагы бир жолу көрсөтө алганыбыз болду»,-деп белгиледи Алагөзөв.



