Коом
Бишкекте 8-сентябрдан тарта Ганди көчөсүндө убактылуу чектөө киргизилет

Бишкекте 8-сентябрдан тарта Ганди көчөсүнүн бир бөлүгүндө унаа кыймылы убактылуу чектелет.
Чектөө оңдоо иштерине байланыштуу Ганди көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө киргизилет.
Шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болсо башка багыттарды тандоо сунушталат.
Жол кыймылы качан толук калыбына келтирилери азырынча белгисиз. Көчө оңдоо иштеринин жүрүшүнө жана толук аякташына жараша ачылат.



