Коом
Юстиция министрлигине жаңы статс-катчы дайындалды

Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысы Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич ротация тартибинде Юстиция министрлигинин статс-катчысынын кызматына которулду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.
Өз кезегинде, Юстиция министрлигинин статс-катчысы Улугбек Календеров Экономика жана финансы министрлигинин статс-катчысы кызмат ордуна өткөрүлдү.
Тиешелүү буйрукка КР министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.



