Коом
Эмдиги жылы Кыргызстанда 8 миң даана коллекциялык монета чыгарылат

Кыргызстандын Улуттук банкы келерки жылы 8 миң даана коллекциялык монета чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылган.
«Кыргыз жөрөлгөлөрү жана салт-санаалары» сериясында «тушоо кесүү» аталышында 6 миң монета жарык көрөт. Анын ичинен миңи күмүш, калганы жез-никелден куюлат.
Ал эми «Кыргызстандын Кызыл китеби» сериясында эки аталыштагы монеталар чыгат. Бири — «Кашгар бөрү карагаты», экинчиси — «Суусар». Экөө тең бир миң даанадан жарык көрөт.
925 үлгүсүндөгү күмүш монеталар 10 сом номиналында болсо, жез-никель монеталар 1 сомдук катары жасалат.



