Дүйнө
АКШ 50 мамлекеттин жарандарына визалык күрөө акысын көбөйттү

Бүгүндөн тарта АКШ 50 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына визалык күрөө акысын көбөйттү. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө айтылат.
Маалыматка ылайык, мындай чара 2025-жылдын августунда башталган пилоттук программанын негизинде киргизилген. Буга чейин күрөө суммасы 5 миңден 15 миң долларга чейин болсо, эми ал 10 миңден 20 миң долларга чейин көтөрүлдү. Негизги сумма катары 15 миң доллар белгиленет.
Бул талап ишкердик жана туристтик визаларга тиешелүү. Эгер жаран визаны колдонбосо, АКШдан өз убагында чыгып кетсе же өлкөдө мыйзамдуу иштеп, визанын шарттарын бузбаса, күрөө акчасы кайра кайтарылат.



