Министрлик өлкөдө калдыктардан эмнелер өндүрүлүп жатканын айтты

Кыргызстанда макулатура, пластик бөтөлкөлөр, пакеттер жана текстиль калдыктары кайра иштетилип, жаңы продукцияга айланууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлик учурда калдыктарды кайра иштеткен ишканалардын санариптик реестрин түзүп, тармакты лицензиялоо системасын кеңейтүүдө.
Лицензиялоого чейинки текшерүүнүн алкагында министрликтин адистери «Алтын Ажыдаар», «Эллегия», «Ак-Кайын», «Профикс-Юг», «Дукастомс» жана «Датка Кей Джи» ишканаларына барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышкан.
Өлкө боюнча чогултулган кагаз жана картон калдыктары кайра иштетилип, таңгак өндүрүүгө керектелүүчү кагаз чийки затына жана гофрокартонго айландырылат. Тигүү тармагындагы калдыктардан термовойлок, килем, төшөлгөлөр жана башка буюмдар жасалат.

ПЭТ пластик бөтөлкөлөр кайра иштетилип, флекс деп аталган гранул түрүндөгү чийки зат алынат. Ал кийин пластик буюмдарды өндүрүү үчүн чет өлкөлөргө экспорттолот.
Ал эми колдонулган полиэтилен пакеттер жана башка полимер калдыктарынан чака, пластик түтүктөр, щеткалар жана тиричиликке керектүү башка буюмдар чыгарылат.
Министрлик белгилегендей, бул иштер өлкөдө айланма экономиканы өнүктүрүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө. Алдыда кайра иштетиле турган калдыктардын түрлөрүн көбөйтүү жана экологиялык таза, калдыгы аз технологияларды колдонгон лицензияланган ишканаларды колдоо пландалууда.
Ошондой эле кайра иштетүүчүлөргө жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузбоо үчүн лицензияларын өз убагында тариздөө зарылдыгы эскертилди.



