Коом

Финансы министрлиги: 2023-жылдын I кварталында мамлекеттик карызды төлөөгө 9 млрд сом жумшалды

2023-жылдын I кварталында мамлекеттик карызды төлөөгө 9 млрд 37 млн сом жумшалды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында финансы министринин орун басары Улан Даникеев билдирди.

Ал анын ичинен 6,1 млрд сом тышкы карызды төлөөгө, 2,3 млрд сом ички карызды төлөөгө бөлүнгөнүн билдирди.

«Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 598,9 млн АКШ долларын түзөт. Анын ичинен 80,3%ы — 4 млрд 494,4 млн сому тышкы карыз, ал эми 19,7%ы ички карыз, ал 1 млрд 104,5 млн сомду түзөт», — деди ал.

Министрдин орун басары үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында мамлекеттик тышкы карыз графикке ылайык төлөнгөнүн билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button