Коом
3 — 4-октябрда Бишкек — Балыкчы багыты боюнча кошумча поезддер каттайт

Жүргүнчүлөрдүн жана коомчулуктун кайрылууларын эске алуу менен «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Бишкек — Балыкчы багыты боюнча 3 жана 4-октябрда жүргүнчү поезддеринин кошумча каттамдарын уюштурат.
Жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү жана бул багыттагы транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында поезд белгиленген график боюнча каттайт.
Каттамдын жол жүрүү убактысы жана жол кире акысы өзгөргөн жок. Поезддер мурда белгиленген расписание боюнча жүрөт.



