Пайдалуу кеңештер
Биле жүрүңүз! Антибиотиктерди көп ичпеңиз

Кыргызстандык дарыгерлер жылдан-жылга антибиотиктердин майнаптуулугу азайгандыгына байланыштуу пневмония, кургак учук, гонорея сымал илдеттерди дарылоо кыйын болуп жатканын айтып, коңгуроо кагышууда.
Адистер бул дарынын түрүн дарыгердин көрсөтмөсү жок ичүүгө болбой тургандыгын эскертип жатышат.
Ошондой эле антибиотиктер вирустук инфекцияларды, тагыраагы, сасык тумоо менен гриппти дарылоодо колдонулбай тургандыгын, алар бактериялык инфекциялардын алдын алууда жана дарылоодо гана пайдаланыларын айтышты.


