Коом

Ысык-Көлдө элдик кошуундар милиция кызматкерлерине коомдук тартипти камсыз кылууда көмөк көрсөтүшүүдө


Ысык-Көл облустук милициянын коомдук коопсуздук кызматы белгилегендей, учурда ыктыярдуу элдик кошуундардын өкүлдөрү коомдук жайларда тартипти камсыз кылууда, милиция кызматкерлерине жакындан жакын жардам беришүүдө.
Ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү, бул өзүнүн жашоосунда активдүү позициясы бар, өзүнүн жашаган жеринде элдин коопсуздугун камсыз кылууну эӊсеген жарандар болуп эсептелинет. Элдик сакчылар жашаган жериндеги кырдаалды жакшы билишет жана коомдук тартипти бузган адамдар жөнүндө дагы кабардар. Ар дайым, милициянын аймактык өкүлдөрү менен бирдикте коомдук тартипти сактоо боюнча кызматка чыгышып, ар кандай укук бузууларды аныкташып, ага бөгөт кою боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп келишүүдө.
Жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда өткөн 300дөн ашуун иш-чарага коомдук тартипти сактоого элдик сакчылардын 1316 өкүлү тартылган. Ыктыярдуу элдик коошундарынын мүчөлөрү 116 укук бузуу фактыларын аныктоого көмөктөшүшкөн, анын ичинен 46 фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 81 (коомдук жайларда алкоголдук ичимдиктерди ичүү) беренеси менен протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынган. Алар 12 кылмыштын жана 56 жоруктун бетин ачууга катышкан.
«Учурда, жайкы туристтик сезондун кызуу мезгилинде, ыктыярдуу элдик кошундарга мүчө болушуп, улан-кыздар, жетилген, ал тургай улгайган курактагы жарандар да киришүүдө. Алар, өз шаарын же айылын, эс алуучулар үчүн гана эмес, жергиликтүү тургундар үчүн дагы күндүн каалаган убагында коопсуз жана ыңгайлуу кылууну каалаган адамдар. Бүгүнкү күндө, облуста ыктыярдуу элдик кошундарынын 355 мүчөсү курорттук жана эс алуу жайларынын, пляждык зоналарынын, ошондой эле эс алуучулар көп каттаган коомдук жайлардын аймагында коомдук тартипти камсыз кылууда, ички иштер органдарына жигердүү жардамдарын көрсөтүп келишүүдө», — дейт Ысык-Көл ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Мирбек Табалдиев.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button