Коом
Ошто дарыяга кулаган Porter. 4 жашар кыздын сөөгү 19 күндөн кийин табылды
Оштун Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына кулап кеткен Porter унаасынын ичиндеги 4 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, кырсык 24-июнда саат 22.00дөр чамасында болгон. Анда айдоочу Көңдүк айылындагы «Асыран бий» көпүрөсүнөн өтүп баратып рулга ээ боло албай сууга кулаганы айтылган.
Машинанын ичиндеги айдоочу менен өспүрүм баланы жергиликтүү тургундар аман алып калып, дагы үч киши изделип жаткан болчу. Үч күндөн кийин эки аялдын сөөгү табылып, 4 жаштагы кыз дайынсыз болуп жаткан.
13-июль күнү Кара-Таш айылында Тар дарыясынан 4 жашар кыздын сөөгү табылып, жергиликтүү тургундар аны туугандарына өткөрүп беришкени айтылды.



