Коом
Кой-Таштагы карыялар үйү 2027-жылдын апрелинде ачылат

Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 1 миң орундуу карыялар үйүнүн курулушу 2027-жылдын апрель айында аяктайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чүй облусунун жашоочулары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, жаңы социалдык комплекс өлкө боюнча камкордукка муктаж 890 жаранды толук камсыздай алат. Объектке Бишкек шаарындагы жана Ысык-Ата районундагы карылар үйлөрү көчүрүлөт. Тилкеде карыялар үйүнөн тышкары балдар үйү жана 500 орундуу бала бакча курулууда.
Сөз болуп жаткан комплекс экс-президент Алмазбек Атамбаевдин конфискацияланган мүлкүнүн ордуна салынууда. Мурдагы өлкө башчысынын Кой-Таштагы үйү жана жери соттун чечими менен мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн.



